Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
801-берене. Жаныбарларды сатуунун тартиби
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Карызкорго таандык болгон, камакка алынган жаныбарларды сатуу адистештирилген уюм (мал базарлар, ж.б.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаныбарларды сатуу үчүн адистештирилген уюмга өткөрүп берүүдө сот аткаруучу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт.
2. Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуш кылган баа адистин баалоосунда көрсөтүлгөн жаныбарлардын наркынан төмөн болбошу керек.
3. Эгерде карызкорго таандык жаныбар адистештирилген уюм иштеген күнү сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга бул жаныбарды адис белгилеген баада өзүнө калтырууну сунуш кылат.
Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашык болсо, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы ошол эле убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган жаныбарды өзүндө калтырууга укуктуу. Мындай учурда айырма бир жумушчу күндүн ичинде депозиттик эсепке чегерилүүгө тийиш. Эгерде өндүрүп алуучу тарабынан депозиттик эсепке тиешелүү айырма төлөнбөсө, анда жаныбар карызкорго кайтарылууга жатат, ал эми аткаруу документ өндүрүп алуучуга аткарылбастан кайтарылып берилет.
4. Сот аткаруучу тарабынан карызкорго таандык жаныбарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет.
5. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучу бар болсо жана адистештирилген уюм тарабынан жаныбар сатылбаган болсо, жаныбарды өзүнө калтыруу жөнүндө сунуштар ушундай өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулары тарабынан сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезекке ылайык жөнөтүлөт. Бул учурларда жаныбарды өткөрүп берүү тартиби ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат.
6. Жаныбар башка кезекке тургандарга төмөнкүдөй сунушталат:
1) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүл алуучулар жаныбарды өзүнө калтыруудан баш тарткан учурда;
2) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда.
7. Өндүрүп алуучулардын сатылбаган жаныбарды өздөрүнө калтыруу жөнүндө чечими жок болгон учурда, жаныбар карызкорго кайтарылып берилет, ал эми аткаруу документи аткарылбастан өндүрүп алуучуга кайтарылат.
8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү, алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жаныбарларды сатуунун тартиби 1. Карызкорго таандык болгон, камакка алынган жаныбарларды сатуу адистештирилген уюм (мал базарлар, ж.б.) тарабынан жүзөгө ашырылат. Жаныбарларды сатуу үчүн адистештирилген уюмга өткөрүп берүүдө сот аткаруучу кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзөт. 2. Адистештирилген уюм сатып алуучуларга мүлктү сунуш кылган баа адистин баалоосунда көрсөтүлгөн жаныбарлардын наркынан төмөн болбошу керек. 3. Эгерде карызкорго таандык жаныбар адистештирилген уюм иштеген күнү сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга бул жаныбарды адис белгилеген баада өзүнө калтырууну сунуш кылат. Эгерде бул баа аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучуга төлөнүүчү суммадан ашык болсо, анда өндүрүп алуучу депозиттик эсепке тиешелүү айырманы ошол эле убакта төлөгөн (которгон) шартта сатылбаган жаныбарды өзүндө калтырууга укуктуу. Мындай учурда айырма бир жумушчу күндүн ичинде депозиттик эсепке чегерилүүгө тийиш. Эгерде өндүрүп алуучу тарабынан депозиттик эсепке тиешелүү айырма төлөнбөсө, анда жаныбар карызкорго кайтарылууга жатат, ал эми аткаруу документ өндүрүп алуучуга аткарылбастан кайтарылып берилет. 4. Сот аткаруучу тарабынан карызкорго таандык жаныбарды өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен таризделет. 5. Бир кезекте турган бир нече өндүрүп алуучу бар болсо жана адистештирилген уюм тарабынан жаныбар сатылбаган болсо, жаныбарды өзүнө калтыруу жөнүндө сунуштар ушундай өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулары тарабынан сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшкөн кезекке ылайык жөнөтүлөт. Бул учурларда жаныбарды өткөрүп берүү тартиби ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган эрежелер боюнча ишке ашырылат. 6. Жаныбар башка кезекке тургандарга төмөнкүдөй сунушталат: 1) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүл алуучулар жаныбарды өзүнө калтыруудан баш тарткан учурда; 2) биринчи жана кийинки кезектеги өндүрүп алуучулар тарабынан ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тиешелүү айырманы депозиттик эсепке төлөбөгөн (которбогон) учурда. 7. Өндүрүп алуучулардын сатылбаган жаныбарды өздөрүнө калтыруу жөнүндө чечими жок болгон учурда, жаныбар карызкорго кайтарылып берилет, ал эми аткаруу документи аткарылбастан өндүрүп алуучуга кайтарылат. 8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн токтомдордун көчүрмөлөрү, алар чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-801" title="801-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>