79-берене. Карызкордун баалуу кагаздарын сатуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 11-глава
1. Баалуу кагаздардын уюшулган рыногунда жүгүртүлгөн баалуу кагаздар баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун тооруктарында сатылууга жатат. Баалуу кагаздар тиешелүү тооруктардын катышуучусу болуп саналган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуусу тарабынан тооруктарда сатылууга жатат.
2. Баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучунун тооруктары баалуу кагаздар рыногу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Баалуу кагаздар рыногундагы сооданы уюштуруучунун тооруктарында мурдагы соода күнүндөгү бул баалуу кагаздар боюнча тооруктар жабылган баадан төмөн болбогон баа боюнча коюлат.
4. Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруучунун тооруктарында баалуу кагаздарды сатууга арыз сот аткаруучунун токтомун алган күндөн тартып үч айдын ичинде бир нече жолу коюлушу мүмкүн.
5. Эгерде сот аткаруучунун токтомун брокер же башкаруучу алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө баалуу кагаздар тооруктарда сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга баалуу кагаздарды акыркы соода күнүндөгү бул баалуу кагаздар боюнча тооруктар жабылган баа боюнча калтырууну сунуштайт.
Эгерде өндүрүп алуучу баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан баш тарткан учурда, анда сот аткаруучу бааны 25 пайызга төмөндөтүү жөнүндө токтом чыгарат жана сатуу жол-жобосу бир айдын ичинде кайра кайталанат.
6. Эгерде баалуу кагаздардын баасы 25 пайызга төмөндөтүлгөндөн кийин алар сатылбаса, анда сот аткаруучу өндүрүп алуучуга баалуу кагаздарды 25 пайызга төмөндөтүлгөн баа менен өзүндө калтырууну сунуштайт.
Эгерде өндүрүп алуучу баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан баш тарткан учурда, анда сот аткаруучу бааны дагы 25 пайызга төмөндөтүү жөнүндө токтом чыгарат жана сатуу жол-жобосу бир айдын ичинде кайра кайталанат. Эгерде баа экинчи ирет төмөндөтүлгөндөн кийин өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичинде баалуу кагаздарды өзүндө калтыруудан кат жүзүндө баш тартса же жооп бербесе, анда сот аткаруучу баалуу кагаздарды карызкорго кайтарып берет.
7. Жабык акционердик коомдордун акциялары сот аткаруучу тарабынан төмөнкү тартипте сатылат:
1) акцияларды сатып алуу жөнүндө сунуш ушул акционердик коомдун бардык калган акционерлерине жиберилет. Сунуш коомдун уставында каралган тартипте коомдун аткаруу органы аркылуу жүзөгө ашырылат. Эгерде коомдун уставында бул тартип аныкталбаса, сунуш Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат;
2) эгерде акционерлердин ичинен бири дагы өзүнүн артыкчылыктуу укугунан пайдаланбаган учурда, акциялар жабык акционердик коомдун өзүнө сунушталат. Коом акцияларды сунушталган баа боюнча сатып алышы же сатып алуудан баш тартышы мүмкүн;
3) эгерде коом акцияларды сатып алуудан баш тарткан учурда, сот аткаруучу бул акцияларды башка акционерлерге жана коомго сунушталган баа боюнча өзүндө калтырууга өндүрүп алуучуга кат жүзүндөгү сунушун жиберет. Бир кезекте бир нече өндүрүп алуучулар болгондо сунуштар сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучуларга сот аткаруучулардын бөлүмүнө аткаруу документтери келип түшүүсүнүн кезектүүлүгүнө жараша жиберет;
4) эгерде өндүрүп алуучу (өндүрүп алуучулар) көрсөтүлгөн сунушту алган күндөн тартып беш күндүн ичинде акциялардан жазуу жүзүндө баш тартса же жооп бербесе, сот аткаруучу акцияларды ушул берененин 1, 4-6-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте сатат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
79-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-79" title="79-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>