70-берене. Карызкордун-юридикалык жактын мүлкүнөн өндүрүп алуунун тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлк кайда жана иш жүзүндө кимдин пайдалануусунда турганына карабастан, өндүрүп алынышы мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо, карызкордун - юридикалык жактын аткаруу документинде камтылган талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болгон учурда юридикалык жакка менчик укугунда таандык болгон башка мүлк төмөнкү кезектүүлүктө өндүрүп алынат:
1) биринчи кезекте - товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз катышпаган кыймылдуу мүлктөн, анын ичинде баалуу кагаздардан (инвестициялык фонддун инвестициялык резервдерин түзгөн баалуу кагаздарды кошпогондо), офистердин дизайн предметтеринен, даяр продукциядан (товарлардан), кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктарынан;
2) экинчи кезекте - товарларды өндүрүүдө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө түздөн-түз пайдаланылбаган мүлктүк укуктардан;
3) үчүнчү кезекте - товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүлөргө түздөн-түз катышпаган кыймылсыз мүлктөрдөн;
4) төртүнчү кезекте - товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууда же кызмат көрсөтүүлөрдө түздөн-түз пайдаланылуучу мүлктүк укуктардан жана товарларды өндүрүүгө катышкан мүлктөн: өндүрүштүк багыттагы кыймылсыз мүлк объекттеринен, чийки заттардан жана материалдардан, станоктордон, жабдуулардан жана башка негизги каражаттардан, анын ичинде инвестициялык фонддун инвестициялык резервдерин түзгөн баалуу кагаздардан.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
70-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-70" title="70-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>