56-берене. Банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарда турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган аткаруу документтерине ылайык карызкордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, депозиттерине, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салат. Камакка алуунун өлчөмү өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жана аткаруу өндүрүшү менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде сот аткаруучунун сыйакысын өндүрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталат.
2. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн сот актысынын же аткаруу документтеринин негизинде чыгарылган карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом сот аткаруучу тарабынан банкка, финансы-кредиттик уюмга, башка финансылык уюмдарга жана казыналыкка жиберилет. Карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Банк же финансы-кредиттик уюм карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана соттук аткаруучуга, жеке сот аткаруучуга карызкордун камакка алынган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет.
3. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрөт.
4. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-56" title="56-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>