53-берене. Карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 9-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 августа 2020 года № 135
1. Баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралуу маалыматтар болбогон учурда, сот аткаруучу өз демилгеси менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.
Карызкордун турган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда, алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызына карабастан карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат. Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн издөө жөнүндө, ошондой эле баланы алып коюу жөнүндө аткаруу документи боюнча баланы издөө жөнүндө токтом ушул эле тартипте чыгарылат.
2. Издөө төмөнкүдөй жарыяланат:
1) аткаруу документин аткаруу жери боюнча;
2) карызкордун, баланын белгилүү болгон акыркы жашаган жери, карызкордун мүлкүнүн жайгашкан жери же болбосо өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн, карызкордун - жеке жактын мүлкүн жана карызкор жеке жактын мүлкүн издөө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракетте сот аткаруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Карызкорду, анын мүлкүн издөөдөн, баланы издөөдөн баш тартуу жөнүндө токтом ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.
6. Карызкорду, анын мүлкүн издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет.
7. Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар арыздын жана мындай издөөнү жүзөгө ашырган ички иштер органынын эсептөөсүнүн негизинде аныкталат.
Карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгашалар сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде аныкталат. Эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"Редакцияларды салыштыруу
17.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө
1. алынып салынды: Алиментти өндүрүп алуу, баккан кошулду: Баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун … боюнча карызкордун турган жери тууралуу маалыматтар болбогон алынып салынды: учурда кошулду: учурда, сот аткаруучу өз демилгеси алынып салынды: боюнча кошулду: менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча кошулду: карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.
Карызкордун турган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда, алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызына карабастан карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.
Алиментти өндүрүп алуу, … тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
кошулду: (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-53" title="53-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>