Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
48-берене. Аткаруу документин кабыл алуунун тартиби
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Сот аткаруучу аткаруу документин ага аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же аткарууга киришүүгө милдеттүү.
Эгерде аткаруу документи токтоосуз аткарылууга тийиш болсо, анда ал сот аткаруучулар бөлүмүнө келип түшкөндөн кийин аткаруу үчүн сот аткаруучуга токтоосуз берилет.
11. Өндүрүп алуучу аткаруу документин берүү менен кайрылган учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен жеке сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө өндүрүп алуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү.
Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт. Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
2. Сот аткаруучу аткаруу документин өндүрүп алуучунун арызы жок төмөнкү учурларда кабыл алат:
1) сот, башка орган же кызмат адамы мыйзамга ылайык аткаруу документин сот аткаруучуга жиберсе;
2) сот аткаруучуга сот аткаруучулардын башка бөлүмүнөн аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымын жана айыптарды өндүрүп алуу жөнүндө токтом келип түшсө.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган учурду кошпогондо, аткаруу документин аткаруунун процессинде аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымын жана айыптарды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтому аткаруу өндүрүшүн аткаруунун алкагында аткарылат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түшкөндөн кийин аткаруу үчүн сот аткаруучуга токтоосуз берилет. кошулду: 11. Өндүрүп алуучу аткаруу документин берүү менен кайрылган учурдан тартып кийинки күндөн кечиктирбестен жеке сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маселени кароого же мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүүгө өндүрүп алуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү. Аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча кызмат көрсөтүү жөнүндө келишим жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлөт. Кызмат көрсөтүү жөнүндө типтүү келишим ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет. 2. Сот аткаруучу аткаруу документин өндүрүп алуучунун арызы жок … токтому аткаруу өндүрүшүн аткаруунун алкагында аткарылат. кошулду: 4. Ушул берененин 3-бөлүгүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-48" title="48-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>