46-2-берене. Милдеттенмелер реестрине аткаруу документтер боюнча маалыматтарды киргизүү тартиби, сактоо жана алып салуу мөөнөттөрү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 7-глава
1. Аткаруу документтери боюнча маалыматтар автоматташтырылган тутум аркылуу Милдеттенмелер реестрине киргизилет жана он жыл бою сакталат.
2. Аткаруу документи боюнча маалыматтарды Милдеттенмелер реестрине киргизүү мыйзамда белгиленген негиздер пайда болгондо карызкорду банкрот деп таануу жол-жобосун баштоого тоскоолдук кылбайт.
3. Аткаруу документтер боюнча маалыматтар Милдеттенмелер реестринен төмөнкүдөй учурларда алып салынат:
1) аткаруу документи иш жүзүндө аткарылганда;
2) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;
3) аткаруу документин соттун же документ берген башка органдын талабы боюнча аткарылбастан кайтарып берүүдө;
4) соттун карызкорду - юридикалык жакты банкрот деп таануу жөнүндө чечими болсо;
5) карызкор - юридикалык жак юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен чыгарылса;
6) карызкордун мүлкү же акча каражаттары жөнүндө маалыматтар он жыл ичинде аныкталбаса.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
46-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-46-2" title="46-2-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>