Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
43-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү билдирүүлөр жана чакыруулар
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жана мажбурлап аткартуу чаралары жөнүндө төмөнкү ыкмалардын бири менен кабарланат: СМС-билдирүү, кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервистери, телефонограмма, телеграмма, электрондук почта, электрондук же тиешелүү кабарлоону сот аткаруучусу жиберген жана даректелүүчү алган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациянын башка ушуларга окшош формалары аркылуу, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда чакыруу кагазы же болбосо тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү менен кабарламаны жиберүү жолу менен.
2. Аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жаткан учурларда, ошондой эле мүлктү камоого алууда жана башка камсыз кылуучу чараларды көрүүдө сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга бул тууралуу алдын ала кабарлабастан аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын көрүүгө укуктуу.
3. Эгерде аткаруу өндүрүшүнө катышкан адам же анын өкүлү башка даректи, анын ичинде электрондук почтанын дарегин жазуу жүзүндө көрсөтпөсө, аткаруу өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы мобилдик телефон номери, аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберилет.
Кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдын иштеген жери боюнча жөнөтүлүшү мүмкүн.
4. Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы анын юридикалык дареги же анын өкүлчүлүгүнүн же филиалынын юридикалык дареги боюнча же болбосо юридикалык жак жазуу жүзүндө көрсөткөн башка дарек, анын ичинде электрондук почтанын дареги боюнча жиберилет.
5. Сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүдөн качкан адамдар сот аткаруучунун токтомунун негизинде алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн.
Алып келүү жөнүндө сот аткаруучунун токтомун сот аткаруучуга келүүдөн качкан адам жашаган (турган) жер боюнча ички иштер органдары тарабынан аткарылат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери алынып салынды: жөнүндө жана мажбурлап аткартуу чаралары жөнүндө алынып салынды: тапшыруу кошулду: төмөнкү ыкмалардын бири менен кабарланат: СМС-билдирүү, кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервистери, телефонограмма, телеграмма, электрондук почта, электрондук же тиешелүү кабарлоону сот аткаруучусу жиберген жана даректелүүчү алган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациянын башка ушуларга окшош формалары аркылуу, ал эми мындай мүмкүнчүлүк жок болгон учурда чакыруу кагазы же болбосо тапшыргандыгы жөнүндө билдирүү менен алынып салынды: чакыруу кагазын, кабарлоо жиберүү, телефонограмма, телеграмма, электрондук, башка электрдик байланышты пайдалануу жана жеткирүү менен кабарландырылат.
кошулду: кабарламаны жиберүү жолу менен.
2. Аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жаткан учурларда, ошондой … өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы кошулду: мобилдик телефон номери, аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча жиберилет.
Кабарлоо же … (турган) жер боюнча ички иштер органдары тарабынан аткарылат.
кошулду: (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-43" title="43-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>