4-берене. Сот аткаруучу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 2-глава
1. Мамлекеттик кызматта турган жана аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткаруучу кызмат адамы сот аткаруучу болуп саналат.
Сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамына гана баш ийүү менен, үчүнчү жактардын эркине көз карандысыз, аткаруу документтерин аткарууну өз алдынча жүзөгө ашырат. Сот аткаруучулар бирдиктүү статуска ээ болушат. Ушул Мыйзамда сот аткаруучулардын айрым категорияларына укуктук абалдын өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын борбордук аппаратынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кызматкерлери сот аткаруучулар болуп саналат жана өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырышат.
2. Сот аткаруучу аткаруу боюнча коюучу мыйзамдуу талаптар бардык органдар, уюмдар, кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү.
3. Сот аткаруучу өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга, аткаруу документтерин реалдуу, толук, өз убагында жана натыйжалуу аткарылышына бардык чараларды көрүүгө жана өз ишинде жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын кысымга алынышына жол бербөөгө милдеттүү.
4. Сот аткаруучулар кызматтык милдеттерин аткарууда форма кийим кийишет, айырмалоо белгилери, эмблемасы болот, алардын үлгүлөрү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5. Сот аткаруучуларга атайын класстык чендер ыйгарылат, аларды ыйгаруунун жана алардан ажыратуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
6. Сот аткаруучуларга мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарда белгиленген чектөөлөр, тыюу салуулар жана милдеттер жайылтылат.
7. Сот аткаруучуларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (мындан ары - Башкы сот аткаруучу) тарабынан бекитилүүчү бирдиктүү үлгүдөгү кызматтык ырастамалар берилет.
8. Сот аткаруучунун конкреттүү аткаруу өндүрүшү боюнча материалдары кол тийгис болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, сот аткаруучунун макулдугусуз ага эч кимдин жеткиликтүүлүк укугу жок.
9. Аткаруу өндүрүшүнүн материалдарына жеткиликтүүлүк алган адам кызматтык сырды сактоого милдеттүү.
10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын, ошондой эле 5 жана 6-бөлүктөрүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…категорияларына укуктук абалдын өзгөчөлүктөрү белгилениши мүмкүн. кошулду: Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматынын борбордук аппаратынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) кызматкерлери сот аткаруучулар болуп саналат жана өз ишин ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырышат. 2. Сот аткаруучу аткаруу боюнча коюучу мыйзамдуу талаптар бардык … жеткиликтүүлүк алган адам кызматтык сырды сактоого милдеттүү. кошулду: 10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацынын, ошондой эле 5 жана 6-бөлүктөрүнүн колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагында Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борбордун маселелери боюнча Кыргыз…Закон · 22.07.2026 · № 119
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-4" title="4-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>