Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Сот аткаруучунун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 2-глава
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана сот аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Сот аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык маянадан, класстык чен үчүн үстөктөн, иштеген жылдары үчүн үстөктөн, ошондой эле сыйлыктардан жана башка үстөктөрдөн турат.
3. Өргүү берүү, пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле үстөктөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
4. Сот аткаруучулар кызматтык максаттарда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө (таксини жана жеке автотранспортту кошпогондо) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү транспорт уюмдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте сатып алынуучу жол кире документтери менен камсыз кылынат.
5. Менчик транспортун кызматтык максатта пайдаланган сот аткаруучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.
6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет. кошулду: 6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-14" title="14-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>