135-берене. Жеке сот аткаруучунун жоопкерчилиги
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Жеке сот аткаруучунун өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу, анын укук бузууларды жасашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
2. Жеке сот аткаруучунун чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Башкы сот аткаруучуга же административдик процесстик мыйзамдарга ылайык сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Жеке сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы сот тарабынан аныкталса, сот тартиптик мүнөздөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктама чыгарат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Сот тарабынан жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) кылмыш-жаза жосунунун белгилери аныкталган учурда, сот кылмыш-жаза мүнөзүндөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктаманы керектүү материалдар менен бирге ыйгарым укуктуу укук коргоо органына жиберет.
4. Жеке сот аткаруучу тарабынан келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
135-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Жеке сот аткаруучунун жоопкерчилиги 1. Жеке сот аткаруучунун өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аткарбоосу же болбосо талаптагыдай эмес аткаруусу, анын укук бузууларды жасашы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 2. Жеке сот аткаруучунун чечимдери, аракеттери (аракетсиздиги) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарга ылайык Башкы сот аткаруучуга же административдик процесстик мыйзамдарга ылайык сотко даттанылышы мүмкүн. 3. Жеке сот аткаруучу аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузгандыгы сот тарабынан аныкталса, сот тартиптик мүнөздөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктама чыгарат жана аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет. Сот тарабынан жеке сот аткаруучунун аракеттеринде (аракетсиздигинде) кылмыш-жаза жосунунун белгилери аныкталган учурда, сот кылмыш-жаза мүнөзүндөгү чараларды көрүү жөнүндө жеке аныктаманы керектүү материалдар менен бирге ыйгарым укуктуу укук коргоо органына жиберет. 4. Жеке сот аткаруучу тарабынан келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык процесстик жана кылмыш-жаза-процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга тийиш. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-135" title="135-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>