Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
132-берене. Жеке сот аткаруучуга коюлуучу талаптар
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 21-глава
1. 25 жашка толгон, жогорку юридикалык билими бар жана сот аткаруучуда же жеке сот аткаруучуда алты айдан кем эмес үзгүлтүксүз такшалмадан өткөн же жогорку кесиптик билим жөнүндө диплом алгандан кийин юридикалык кесиби боюнча үч жылдан кем эмес иш стажы бар, квалификациялык экзамен тапшырган, жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн алган Кыргыз Республикасынын жараны жеке сот аткаруучу боло алат.
Жеке сот аткаруучунун такшалмадан өтүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
2. Квалификациялык экзаменден өтпөстөн туруп жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн төмөнкүлөр алууга укуктуу:
1) судьялар, ошондой эле судьянын ыйгарым укуктарын токтоткон адамдар;
2) прокурор же тергөөчү кызмат ордунда беш жылдан кем эмес иштеген адамдар;
3) төмөнкү талаптарга жооп берген сот аткаруучулар:
а) үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз иш стажынын болушу;
б) кызмат орундан бошотулган күндөн тартып арыз берилген күнгө чейинки мөөнөт беш жылдан ашпайт.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн колдонулушу ээлеген кызмат ордунан терс жүйөлөр боюнча бошотулган адамдарга жайылтылбайт.
4. Төмөнкү адам жеке сот аткаруучу боло албайт:
1) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга жооп бербеген;
2) сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп таанылган;
3) мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар;
4) реабилитацияланбаган негиздер боюнча кылмыш-жаза куугунтугу кыскартылган;
5) нотариат жана адвокаттык иш жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн лицензиясы жокко чыгарылган;
6) аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн жеке сот аткаруучусунун күбөлүгү жокко чыгарылган;
7) судья, прокурор же болбосо укук коргоо органдарынын кызматкери кызмат ордунан, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызматтан беделин кетирүүчү негиздер боюнча бошотулган.
5. Жеке сот аткаруучу өз ишин жүзөгө ашырууда башка акы төлөнүүчү (окутуучулук, илимий жана чыгармачылык, эксперттик иштен тышкары) же ишкердик иш менен алектене албайт.
6. Жеке сот аткаруучу өз ишин өзүнүн атынан жана өзүнүн жоопкерчилиги астында жүзөгө ашырат. Жеке сот аткаруучунун ишине акы төлөө суммаларына салык салуу салык мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-132" title="132-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>