126-берене. Даттануу боюнча кабыл алынуучу чечим
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 18-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Даттануу боюнча чечим жазуу жүзүндө кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) даттануу боюнча чечим кабыл алган жогору турган сот аткаруучунун кызмат орду, фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) даттануу берген жарандын фамилиясы, аты жана атасынын аты же юридикалык жактын аталышы, жарандын жашаган же турган жери же болбосо юридикалык жактын жайгашкан жери;
3) даттануунун маңызы боюнча кыскача мазмуну;
4) кабыл алынган чечимдин негиздемеси;
5) даттануу боюнча кабыл алынган чечим;
6) кабыл алынган чечимге даттануу тартиби жөнүндө маалыматтар.
Жогору турган сот аткаруучу чыгарган чечимде аны аткаруунун мөөнөтү көрсөтүлүшү мүмкүн.
2. Даттануу негизсиз деп таанылган учурда жогору турган сот аткаруучу токтомду, аракетти (аракетсиздикти) укук ченемдүү деп тааныйт жана даттанууну канааттандыруудан баш тартат.
3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жогору турган сот аткаруучу даттанууну негиздүү деп тапкан учурда, төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алышы мүмкүн:
1) кабыл алынган токтомду толугу менен же бир бөлүгүн жокко чыгарат;
2) токтомду жокко чыгарат жана жаңы чечим кабыл алат;
3) сот аткаруучунун аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табат жана жол берилген мыйзам бузууларды четтетүү максатында кабыл алынууга тийиш болгон чараларды аныктайт.
Эгерде сот аткаруучунун токтомуна даттануу бир бөлүгүндө негиздүү деп табылса, жогору турган сот аткаруучу кабыл алынган токтомду жарым-жартылай жокко чыгарат жана сот аткаруучуну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул бөлүк боюнча жаңы чечим кабыл алууга милдеттендирет. Жогору турган сот аткаруучу токтом түрүндө чечим кабыл алат.
5. Эгер чечимде аткаруунун башка мөөнөтү көрсөтүлбөсө, даттануу боюнча жогору турган сот аткаруучу кабыл алган чечим ал токтомго, аракетке (аракетсиздикке) даттанылган сот аткаруучуга келип түшкөн күндөн тартып он күндүн ичинде аткарылууга жатат.
6. Даттанууну караган жогору турган сот аткаруучу токтому, аракети (аракетсиздиги) укук ченемдүү эмес деп таанылган сот аткаруучуну тартиптик жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрүүгө укуктуу.
7. Даттануу боюнча чыгарылган чечимдин көчүрмөсү даттануу менен кайрылган адамга чечим чыгарылган күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен жиберилет.
8. Сот аткаруучунун чыгарган токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттануу боюнча жогору турган сот аткаруучу чыгарган чечимди Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө сотто талашылышы мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
126-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-126" title="126-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>