Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
114-берене. Аткаруу документин кайтарып берүү
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Өндүрүп алуу жүргүзүлбөгөн же толук көлөмдө жүргүзүлбөгөн аткаруу документи өндүрүп алуучуга төмөнкүдөй кайтарылып берилет:
1) өндүрүп алуучунун арызы боюнча;
2) эгерде ушул аткаруу документи үчүн аткаруу мөөнөтү бүтсө;
3) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) эгерде сот аткаруучу тарабынан аларды издеп табуу боюнча мыйзамда жол берилген бардык чаралар кабыл алынган шартта, карызкордун өндүрүп алуу салынышы мүмкүн болгон мүлкү, акчалай суммасы, баалуу кагаздары же кирешелери болбосо;
5) эгерде өндүрүп алуучу аткаруу документин аткарууда карызкордун сатылбай калган мүлкүн өзүнө калтыруудан баш тартса;
6) эгерде өндүрүп алуучу аракеттери (аракетсиздиги) менен аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук кылса;
7) эгерде өндүрүп алуучу көрсөткөн дарек боюнча карызкор жашабаса же иштебесе, карызкор - юридикалык жак - ал жерде турбаса же болбосо карызкорду издөө учурларын кошпогондо, анын өндүрүп алууга жаткан мүлкү болбосо;
8) эгерде өндүрүп алуучу ага берилип жаткан карызкордун мүлкүнүн наркы менен карыздын ортосундагы айырманы төлөбөсө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7-пункттарында каралган учурларда сот аткаруучу жагдайлардын болушу жөнүндө акт түзөт, ага ылайык аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарылып берилет.
3. Сот аткаруучу өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтом чыгарат.
4. Өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү ушул Мыйзамдын 37-беренесинде белгиленген мөөнөттүн чектеринде аткаруу документин аткарууга кайтарып берүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.
5. Сот аткаруучунун өндүрүп алуучуга аткаруу документин кайтарып берүү жөнүндө токтомуна ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттануу берилиши мүмкүн.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…эгерде ушул аткаруу документи үчүн аткаруу мөөнөтү бүтсө;
3) алынып салынды: эгерде өндүрүп алуунун ушул түрү үчүн мыйзамда белгиленген аткарууга берүү мөөнөтү бүтсө;
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4) эгерде сот аткаруучу тарабынан аларды издеп табуу боюнча мыйзамда … белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттануу берилиши мүмкүн.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 17.05.2019 · № 63
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-июнундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 04.06.2018 · № 266 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-114" title="114-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>