Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
112-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун кесепеттери
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Аткаруу өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу өзү дайындаган бардык мажбурлап аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор үчүн белгиленген чектөөлөрдү жокко чыгарат.
2. Ушул Мыйзамдын 111-беренесинин 4, 5, 7-пункттарында белгиленген негиздер боюнча аткаруу өндүрүшүн токтотууну кошпогондо, негизги аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтомду чыгаруу менен бир эле убакта сот аткаруучу аткаруу документин аткаруу процессинде сот аткаруучу тарабынан салынган аткаруу жыйымдарын жана айыптарды, аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды карызкордон өндүрүп алуу жөнүндө толугу менен же жарым-жартылай аткарылбай калган токтомду сот аткаруучу өндүрүшкө кабыл алат.
3. Эгерде негизги аткаруу өндүрүшү аяктагандан кийин ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган аткаруу документтери өндүрүшкө кабыл алынса, анда негизги аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө карызкор үчүн белгиленген чектөөлөр кайрадан кабыл алынган аткаруу өндүрүшүн аткаруу үчүн зарыл өлчөмдөрдө сот аткаруучу тарабынан сакталат.
4. Сот аткаруучунун аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө, мажбурлап аткартуу чараларын жокко чыгаруу жөнүндө токтомунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө өндүрүп алуучуга, карызкорго, сотко, аткаруу документин берген башка органга же кызмат адамына, ошондой эле карызкор үчүн чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө токтомду аткаруучу органдарга (адамдарга) жиберилет.
5. Ал боюнча аткаруу өндүрүшү токтотулган аткаруу документи тиешелүү белги коюу менен сотко, документти берген башка органга же кызмат адамына кайтарып берилет жана аткарууга кайталанып берилиши мүмкүн эмес.
6. Токтотулган аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Аткаруу өндүрүшүн токтотуунун кесепеттери
1. Аткаруу алынып салынды: өндүрүшүн токтотуу жөнүндө токтомдо кошулду: өндүрүшү кыскартылгандан кийин сот аткаруучу алынып салынды: ал кошулду: өзү дайындаган бардык мажбурлап алынып салынды: аткартуу кошулду: аткаруу чараларын, анын ичинде мүлктү камакка алууну, ошондой эле карызкор … Токтотулган аткаруу өндүрүшү кайрадан башталышы мүмкүн эмес.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-112" title="112-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>