109-берене. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Аткаруу өндүрүшү төмөнкү учурларда токтото турууга жатат:
1) эгерде аткаруу документи менен белгиленген талаптар же милдеттер каза болгондун укук улантуучусуна же дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүн башкаруучуга өтүшү мүмкүн болсо, карызкор каза болгондо, ал каза болду деп жарыяланганда же дайынсыз жок деп таанылганда;
2) карызкорду - юридикалык жакты кайрадан уюштурганда;
3) мыйзамда белгиленген тартипте карызкордун - юридикалык жактын кудуретсиздиги (банкроттугу) жөнүндө өндүрүштү козгоо тууралуу чечим кабыл алынганда;
4) карызкор - жеке жак аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылганда;
5) карызкор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышып жаткан бөлүгүндө болгондо;
6) эгерде мындай талашууга мыйзамда жол берилсе, карызкордун соттук тартипте аткаруу документине даттануусу жөнүндө арызы сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алуусу;
7) административдик жаза салуу жөнүндө токтомуна даттануу сот тарабынан өндүрүшкө кабыл алынганда;
8) сот актысынын, анын негизинде аткаруу документи берилген башка органдын же кызмат адамынын актысынын аткарылышын токтото туруу жөнүндө акты чыгарылганда;
9) аткаруу документи боюнча жаза салынган мүлктү тизмектен чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө доону сот өндүрүшкө кабыл алганда;
10) баланы издөөдө.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда каралган учурда, мүлктүн тизмеден чыгаруу (камактан бошотуу) жөнүндө доо коюлган бөлүгүн гана аткаруу иш-аракети токтотула турат.
3. Аткаруу өндүрүшү төмөнкүдөй учурларда да токтотула турушу мүмкүн:
1) аткаруу маселеси боюнча түшүндүрмө үчүн сот аткаруучу тиешелүү сотко, башка органга же кызмат адамына кайрылганда;
2) карызкор Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн анык аскердик кызматына чакырылганда;
3) карызкор стационардык дарыланууда болгондо;
4) сот аткаруучунун токтомун, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу же иш-аракеттерди жасоодон баш тартуу жөнүндө даттанууну сот өндүрүшкө кабыл алганда;
5) карызкор - жеке жак изделгенде;
6) өндүрүп алуучунун өтүнүчү болгондо;
7) сотко аткаруу документтеринин аткарылышын кийинкиге калтыруу же узартуу, аткаруу ыкмасын жана аларды аткаруу тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз берилгенде.
3) сот аткаруучу тарабынан мүлктү баалоо дайындалганда.
4. Башкы сот аткаруучу, областтардын башкы сот аткаруучулары өздөрүнө баш ийген сот аткаруучулардын токтомуна, аракетине (аракетсиздигине) даттануу берилген учурда, мындай даттанууга ушул Мыйзамда жол берилген учурда аткаруу өндүрүшүн токтото турууга укуктуу.
5. Аткаруу өндүрүшүн токтото туруу сот аткаруучу тарабынан жеке демилгеси боюнча же ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер болгондо аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын арызы боюнча жүргүзүлөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
109-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана аларды аткаруу тартибин өзгөртүү жөнүндө арыз берилгенде. кошулду: 3) сот аткаруучу тарабынан мүлктү баалоо дайындалганда. 4. Башкы сот аткаруучу, областтардын башкы сот аткаруучулары өздөрүнө … болгондо аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын арызы боюнча жүргүзүлөт. кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-109" title="109-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>