107-берене. Өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 15-глава
1. Карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы аткаруучу документтерде камтылган эки же бир нече өндүрүп алуучунун талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болгон учурда, көрсөтүлгөн сумма тиешелүү акча суммасын бөлүштүрүү күнүнө аткаруу документтерин көрсөткөн өндүрүп алуучулардын ортосунда төмөнкүдөй кезектүүлүктө бөлүштүрүлөт:
1) биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу, ден соолукка келтирилген зыяндын, баккан адамы каза болгонуна байланыштуу зыяндын ордун толтуруу боюнча талаптар канааттандырылат;
2) экинчи кезекте эмгек келишими боюнча иштеп жаткан (иштеген) адамдардын чыгуу жөлөкпулдарын төлөө, ошондой эле автордук укукту жана чектеш укуктарды колдонгону үчүн автордук сыйакыны төлөө боюнча талаптар канааттандырылат;
3) үчүнчү кезекте камсыз кылуу суммасынын чектеринде күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредиторлордун талаптары канааттандырылат;
4) төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат;
5) бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.
2. Карызкордон өндүрүп алынган ар бир акча суммасын бөлүштүрүүдө ар бир кийинки кезектин талаптары мурдагы кезектин талаптары толук көлөмдө канааттандырылгандан кийин канааттандырылат.
3. Эгерде карызкордон өндүрүп алынган акча суммасы бир кезектин талаптарын толук көлөмдө канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда алар ар бир өндүрүп алуучуга аткаруу документинде көрсөтүлгөн кошулуучу суммага пропорционалдуу канааттандырылат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
107-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-107" title="107-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>