Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
105-статья. Бала менен баарлашуу укугуна тиешелүү иштер боюнча чечимдерди аткаруу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 14-глава
1. Сот аткаруучу карызкорго баланын өндүрүп алуучу менен баарлашуусун камсыз кылууга анын милдети жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу тууралуу сунушту тапшырат.
Эгерде сот дайындаган убакытта жана жерде карызкор чечимде белгиленген баарлашууга укукту ишке ашыруу тартибине ылайык өндүрүп алуучуга бала менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса, сот аткаруучу чечим аткарылып жатканы жөнүндө акт түзөт.
2. Эгерде соттун чечиминде көрсөтүлгөн убакытта жана жерде бала болбосо, ошондой эле карызкор анын болбогонунун себептерин билдирилбесе же болбосо себеп сот аткаруучу тарабынан жүйөсүз деп таанылса жана карызкор токтомду аткаруудан баш тартса, сот аткаруучу соттун чечими аткарылбаганы жөнүндө акт түзөт.
Бул учурда сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 96-беренесинде каралган тартипте мажбурлоо чараларын көрүүгө укуктуу.
3. Мажбурлап аткартуу ушул Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле төмөнкү учурларда кийинкиге калтырылат:
1) бала ооруп калганда же бала эс-учун жоготкон абалда болгондо;
2) он жашка толгон бала макул болбогондо.
4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-105" title="105-статья - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>