Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
103-берене. Баланы алып коюу жөнүндө соттордун чечимдерин аткаруу
Күчүндө · 22.07.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 июня 2026 года № 79
1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамда каралган тартипте карызкорго баланы алып коюу жана аны өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу түрдө аткаруу жөнүндө сунушту тапшырат.
2. Карызкор баланы алып коюу жөнүндө соттун чечимин ыктыярдуу тартипте аткарбаган учурда, сот аткаруучу бала өндүрүп алуучуга качан жана кайда өткөрүп бериле турган жерди жана убакытты аныктайт, бул жөнүндө өндүрүп алуучуга, бала турган жер боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнө билдирилет, анын катышуусу соттун чечимин мажбурлап аткартууда милдеттүү болуп саналат. Сот аткаруучу бала турган жер боюнча ички иштер органынын өкүлүн чакырууга укуктуу, бул учурда анын катышуусу милдеттүү. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган соттун чечимин аткарууда өз каалоосу боюнча психологду чакырууга укуктуу.
3. Эгерде өндүрүп алуучу сот аткаруучу дайындаган убакытта жана жерге келбеген учурда, мажбурлап аткартуу кийинкиге калтырылат. Эгерде өндүрүп алуучу дайындалган убакытта жана жерге кайрадан келбеген, ошондой эле өзүнүн келбей калышынын себептери жөнүндө билдирбеген же болбосо берилген себептер сот аткаруучу тарабынан жүйөсүз деп таанылган учурда, аткаруу документи аткарылбастан токтом чыгаруу менен өндүрүп алуучуга кайра кайтарылат, ага ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.
4. Мажбурлап аткартуу процессине сот аткаруучу, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмү чакырган учурда психолог катышат.
Сот аткаруучу көрсөткөн жерге жана убакытта балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү, эгерде психолог чакырылса, аны менен өз ара аракетте карызкор же бала өзүндө турган башка жактар менен аларды баланы өндүрүп алуучуга берүүгө ынандыруу максатында, ошондой эле өндүрүп алуучуга берүү үчүн баланы даярдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мында ички иштер органдарынын өкүлдөрү коомдук тартипти камсыз кылат, ошондой эле карызкор же башка жактар тарабынан сот аткаруучунун талаптарына баш ийбөөгө багытталган кандай болбосун каршылыктары болтурулбайт.
5. Эгерде мажбурлап аткартуу жеринде бөтөн адамдар катышса, алар кетирилүүгө тийиш. Ушундай адамдарды кетирүү ички иштер органынын өкүлү тарабынан жүзөгө ашырылат. Мажбурлап аткартуу балдар бакчасында же мектепте жүргүзүлүүгө тийиш эмес.
Сот аткаруучу алып коюунун мыйзамдуулугун көзөмөлдөйт, ал эми балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлдөрү аны иш жүзүндө жүзөгө ашырат. Мажбурлап аткартуу жеринде жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болгон учурда аларга балдарга кандайдыр-бир зыян келтирбөө максатында аларды фотосүрөткө же видеого тартууга тыюу салынат. Ушул эле максаттарда мажбурлап аткартуу жеринде сот аткаруучу жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү жарандык кийимчен катышуулары тийиш. Баланы алып коюу жана аны өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү жөнүндө сот аткаруучу акт түзөт.
6. Мажбурлап аткартуу ушул Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле төмөнкү учурларда кийинкиге калтырылат:
1) бала ооруп калганда же бала эс-учун жоготкон абалда болгондо;
2) он жашка толгон бала макул болбогондо.
7. Эгерде карызкор өндүрүп алуучунун макулдугусуз баланы өлкөдөн алып чыгууга ниеттенип жатат деп болжолдоого негиздүү шектенүү болсо, сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылганга чейин же ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттүн чектеринде карызкордун чыгышын чектөө жөнүндө токтом чыгарат.
8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.
(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"Редакцияларды салыштыруу
03.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…чектеринде карызкордун чыгышын чектөө жөнүндө токтом чыгарат. кошулду: 8. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-103" title="103-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>