101-берене. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
1. Карызкор өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин жайгашууга тоскоолдук кылууну уланткан учурда, сот аткаруучу карызкордон аткаруу жыйымдарын өндүрүп алуу жөнүндө токтом чыгарат жана карызкорго өндүрүп алуучуну жайгаштыруу кошумча кабарлоо бербестен мажбурлоо менен жүргүзүлөрүн эскертет.
2. Жайгаштыруу сот аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучунун аткаруучу документте көрсөтүлгөн жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылууну камтыйт.
3. Жайгаштыруу калыс-күбөлөрдүн катышуусу менен ички иштер органдарынын кызматкерлеринин көмөгү астында акт түзүү менен жүргүзүлөт.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
101-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-101" title="101-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>