Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
391-берене. Соттун тапшырмалары
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 43-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39
1. Кыргыз Республикасынын соттору аларга мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте берилген айрым процесстик аракеттерди (кабардаманы жана башка документтерди тапшыруу, тараптардын түшүндүрмөлөрүн, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн, эксперттердин жана жеринде барып кароонун корутундуларын алуу ж.б.) аткаруу жөнүндө чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткарат.
2. Тапшырмалар аткарылууга жашайт, эгерде:
1) тапшырманы аткаруу Кыргыз Республикасынын коомдук тартибине каршы келсе;
2) тапшырманы аткаруу соттун компетенциясына кирбесе.
3. Чет өлкөлүк соттордун тапшырмаларын аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Кыргыз Республикасынын соттору чет өлкөлүк сотторго айрым процесстик аракеттерди аткаруу жөнүндө тапшырма менен кайрыла алат. Кыргыз Республикасынын сотторунун чет өлкөлүк соттор менен катнашуу тартиби мыйзамдар жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.
Укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишим жок болсо, соттук тапшырмаларды чет өлкөлүк сотторго жиберүү дипломатиялык каналдар боюнча жүргүзүлөт. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…соттук тапшырмаларды чет өлкөлүк сотторго жиберүү дипломатиялык алынып салынды: тартипте кошулду: каналдар боюнча жүргүзүлөт.
кошулду: (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-391" title="391-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>