390-берене. Юрисдикциялык иммунитет
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 43-глава
1. Бийликтин ээси катары чыккан чет мамлекет Кыргыз Республикасынын сотунда бул чет мамлекетке доо коюу, аны жоопкер же үчүнчү жак катары ишке катышууга тартуу, бул чет мамлекетке таандык болгон жана Кыргыз Республикасынын аймагында турган мүлккө камак салуу жана доону камсыз кылуу боюнча бул мүлккө карата башка чараларды көрүү жагында иммунитетке ээ. Эгерде мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, соттун чечимин аткаруу тартибинде өндүрүп алууну бул мүлккө багыттоого тийиштүү мамлекеттин компетенттүү органдарынын макулдугу менен гана жол берилет.
2. Эл аралык уюмдардын иммунитети мыйзамдар, эл аралык келишимдер менен аныкталат.
3. Кыргыз Республикасында аккредитацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана мыйзамдарда же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде көрсөтүлгөн башка жактар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталган чектерде жарандык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясына тийиштүү болот.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
390-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-390" title="390-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>