Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
39-берене. Жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40
1. Өз аракеттери аркылуу өзүнүн процесстик укуктарын жүзөгө ашырууга, сотто өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга жана өз иштерин жүргүзүүнү өкүлүнө тапшырууга жөндөмдүүлүк (жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүк) жашы жеткен жарандарга, башкача айтканда жашы он сегизге толгон жарандарга жана юридикалык жактарга толук көлөмдө таандык болот.
Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө өз алдынча же өкүлү аркылуу сотко кайрылууга укуктуу.
2. Он сегиз жашка чыкканга чейин никеге турууга мыйзамда жол берилген учурда никеге турган убактан тартып, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте аракетке толук жөндөмдүү деп жарыяланган (эмансипация) учурда жашы жете элек адам өзүнүн процесстик укуктарын жана процесстик милдеттерин сотто жеке өзү жүзөгө ашыра алат.
3. Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жете электердин, ошондой эле аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси же камкорчулары тарабынан корголот, бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп таанылган жарандардын өздөрүн катыштырууга укуктуу.
4. Мыйзамда белгиленген учурларда, атап айтканда, жарандык, үй-бүлөлүк, эмгектик жана башка укук мамилелеринен, ошондой эле алынган эмгек акыны же ишкердиктен түшкөн кирешелерди тескөөгө байланышкан бүтүмдөрдөн келип чыгуучу иштер боюнча учурларда жашы жете электер сотто өз укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын жеке өздөрү коргоого укуктуу. Бирок сот мындай иштерде жашы жете электердин мыйзамдуу өкүлдөрүн катыштырууга укуктуу.
5. Он төрт жашка чыга элек жашы жете электердин, ошондой эле психикасы бузулгандыктан улам аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандардын укуктары, эркиндиктери жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары сотто алардын мыйзамдуу өкүлдөрү - ата-энеси, асырап алуучулары, багып алган ата-энеси, көзөмөлдөөчүсү, тарбиялоо, дарылоо мекемелеринин, калкты социалдык коргоо мекемелеринин же башка ушундай мекемелердин администрациясы тарабынан корголот. Сот аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаранды катышууга тартууга укуктуу.
(КР 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 апреля 2026 года № 40 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жарандарга жана юридикалык жактарга толук көлөмдө таандык болот. кошулду: Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө өз алдынча же өкүлү аркылуу сотко кайрылууга укуктуу. 2. Он сегиз жашка чыкканга чейин никеге турууга мыйзамда жол берилген … же башка ушундай мекемелердин администрациясы тарабынан корголот. кошулду: Сот аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаранды катышууга тартууга укуктуу. (КР 2026-жылдын 6-апрелиндеги № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>