Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 6-апрели № 40
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 64-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн, аракетке жөндөмсүз граждан өз алдынча жасоого укуктуу болгон бүтүмдөрдү кошпогондо, аракетке жөндөмсүз деп таанылган граждандын атынан бүтүмдү аны камкордукка алган адам түзөт.";
2) 67-статьянын 2-пунктунда "бардык" деген сөз алып салынсын;
3) 189-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Кодекстин 63-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн бүтүмдөрдү кошпогондо, психикалык жактан бузулуунун кесепетинен жөндөмсүз катары таанылган граждандын жасаган бүтүмү эч нерсеге татыбас бүтүм.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 39-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаран аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жөнүндө өз алдынча же өкүлү аркылуу сотко кайрылууга укуктуу.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Сот аракетке жөндөмсүз деп таанылган жаранды катышууга тартууга укуктуу.";
2) 262-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту "жөнүндө" деген сөздөн кийин ", аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү тууралуу" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 296-берененин 2-бөлүгү "сот" деген сөздөн кийин "жарандын же анын өкүлүнүн," деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2026-жылдын 26-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Шилтеме берет (1)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон