Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
357-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 40-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85
1. Кассациялык даттануу (сунуштама) аны берген жакка кассациялык инстанциядагы сот тарабынан төмөнкү негиздер боюнча кайра кайтарылат:
1) эгерде даттануу (сунуштама) ушул Кодекстин 354-беренесинин 3-бөлүгүн бузуу менен берилсе;
2) эгерде даттануу (сунуштама) кассациялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт өткөндөн кийин берилсе жана өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү камтыбаса;
3) эгерде даттанууда (сунуштамада) материалдык укуктун ченемдерин туура эмес колдонуу же процесстик укукту олуттуу бузуу эмнеде тургандыгы көрсөтүлбөсө;
4) эгерде иш апелляциялык инстанциядагы соттун кароосунун предмети болбосо;
5) эгерде даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;
51) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;
6) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) көчүрмөлөрү жиберилгендиги жөнүндө далилдер тиркелбесе;
7) эгерде иш кассациялык тартипте каралган болсо.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жагдайларды жойгондон кийин кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ушул Кодексте белгиленген мөөнөттүн чегинде даттануу (сунуштама) менен кайрадан кайрылууга укуктуу.
3. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу жөнүндө аныктама иш Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна келип түшкөн күндөн баштап жети күндөн кечиктирилбестен кассациялык инстанциядагы сот тарабынан чыгарылат жана кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка даттанууга (сунуштамага) тиркелген бардык документтери менен тапшырылат же жиберилет.
4. Эгерде сот тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган негиздер бар экендиги аныкталса, кассациялык даттануу (сунуштама) берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 11 апреля 2023 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелбесе;
кошулду: 51) тараптар медиациялык макулдашууга жетише албаган учурда соттук териштирүүнү улантуу үчүн эгерде арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик алымдын калган бөлүгү төлөнбөсө;
6) эгерде ишке катышуучу жактарга даттануунун (сунуштаманын) … берген жакка ал өндүрүшкө кабыл алынгандан кийин да кайтарылат.
алынып салынды: Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-апрелиндеги № алынып салынды: 85 Мыйзамынын кошулду: 85, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамдарынынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 16-январындагы № "Нургул Абыкеевна Бейшембаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Самед Али оглы Самедовдун…Сот практикасы · Решение · 16.01.2019
- КРЖогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2017-жылдын 24-январындагы "Максат Джаныбекович Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы Искендер Бакытович Какеевдин кайрылуусуна…Сот практикасы · Решение · 24.01.2018
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КРЖогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2017-жылдын 24-январындагы "Максат Джаныбекович Барыктабасовдун кызыкчылыгындагы Искендер Бакытович Какеевдин кайрылуусуна…Решение · 24.01.2018
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 16-январындагы № "Нургул Абыкеевна Бейшембаеванын кызыкчылыгын көздөгөн Самед Али оглы Самедовдун…Решение · 16.01.2019
Берене шилтеме берет
- 354-берене. Кассациялык даттанууну (сунуштаманы) кайра кайтаруу
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-357" title="357-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>