Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
354-берене. Кассациялык даттануунун (сунуштаманын) формасы жана мазмуну
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 40-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260
1. Кассациялык даттануу (сунуштама) машинага басылган текст түрүндө жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.
2. Кассациялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) даттануу (сунуштама) даректелген соттун аталышы;
2) даттануу (сунуштама) берген жактын аталышы, жашаган жери, эгерде бар болсо – мобилдик телефон, факс номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жактар үчүн ошондой эле - анын катталган номери жана жайгашкан жери жана башка реквизиттери;
3) ишке катышуучу башка жактардын аталышы, алардын жашаган же жайгашкан жери;
4) ишти караган биринчи, апелляциялык инстанциядагы соттордун аталышы жана алар кабыл алган сот актыларынын мазмуну;
5) даттанылып жаткан сот актысы;
6) укук нормаларын бузуу эмнеде тургандыгын көрсөтүү;
7) даттануу (сунуштама) берген жактын өтүнүчү;
8) даттанууга (сунуштамага) тиркелген документтердин тизмеги;
9) зарыл болгондо - кассациялык даттануунун өткөрүп жиберилген процесстик мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арыз жана мамлекеттик алымды төлөөдөн бошотуу жөнүндө арыз.
3. Даттанууга (сунуштамага) аны берген жак же анын өкүлү кол коёт. Өкүл берген кассациялык даттанууга (сунуштамага) ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн башка документ (эгерде иште мындай документ жок болсо) тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин койгон колу мөөр менен ырасталат.
4. Кассациялык даттануу (сунуштама) берген жак ишке катышуучу башка жактарга даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелүүчү, аларда жок документтердин көчүрмөсүн жиберет.
5. Кассациялык даттанууга (сунуштамага) кассациялык даттануунун (сунуштаманын) жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жиберилгендигинин далилдери, ошондой эле мамлекеттик алымдардын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелүүгө тийиш.
6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч кассациялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык) Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечими 2018-жылдын 24 январындагы.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 14 ноября 2025 года № 260 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 182 "О внесении изменений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.04.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…формасы жана мазмуну
1. Кассациялык даттануу (сунуштама) алынып салынды: жазуу жүзүндө, басылма кошулду: машинага басылган текст түрүндө кошулду: жазуу жүзүндө же болбосо сот өндүрүшүнүн санариптик технологиялык тутумунда жайгашкан форманы толтуруу аркылуу санариптик формада берилет.
2. Кассациялык даттанууда (сунуштамада) төмөнкүлөр … мамлекеттик алымдардын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелүүгө тийиш.
кошулду: 6. Талашты медиацияны колдонуу жолу менен чечүү ниети болгондо төлөнүүгө тийиш болгон мамлекеттик алымдын суммасынын жарымын төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө өтүнүч кассациялык даттанууга тиркелүүгө тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы алынып салынды: N 182 Мыйзамынын кошулду: № 182, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Караңыз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111521/st-354" title="354-берене - Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>