9-берене. Сотко чейинки пробация
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Сотко чейинки пробация - айыпталуучуга карата колдонулуучу жана анын ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөөдөн турган пробация, анын жыйынтыктары боюнча пробациялык баяндама түзүлөт.
2. Сотко чейинки пробация айыпталуучуга карата пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Сотко чейинки пробация маалыматтарды чогултуунун жана баалоонун негизинде айыпталуучунун ким экендигин социалдык-психологиялык изилдөө формасында жүзөгө ашырылат.
4. Маалыматтар төмөнкүлөр жөнүндө чогултулууга тийиш:
1) пробациянын кардарынын социалдык статусу;
2) үй-бүлөсү, башка социалдык байланыштары;
3) турак-жай жана социалдык-тиричилик шарттары;
4) билими;
5) жашаган, иштеген, окуган жери, ишинин түрү;
6) ден соолугунун абалы;
7) шыктары жана адаттары;
8) алкоголго, баңги каражаттарга жана психотроптук заттарга көз карандылыгынын, психикалык бузулууларынын болушу;
9) оор турмуштук кырдаалга алып келген башка жагдайлар.
5. Маалыматтарды чогултуу мүнөздөмөлөрдү, пикирлерди, сунуштамаларды, түшүнүк каттарды, маалымкаттарды алуу, талап кылуу, мамлекеттик органдардын маалыматтар базаларын пайдалануу, актыларды жана башка документтерди түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Маалыматтарды жыйноо тартиби, пробация органынын укуктары, ыйгарым укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Маалыматтарды чогултуу өнөкөт тобокелдиктерин жана кардардын криминогендик муктаждыктарын, ошондой эле аны коомдон обочолонтпостон түзөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо менен айыпталуучунун ким экендигине объективдүү баа берүүнү жүргүзүүнү камсыз кылууга тийиш.
7. Өзүнө карата пробациялык баяндама даярдалып жаткан айыпталуучу пробациялык баяндамага киргизүү үчүн маалыматтарды өзү, жактоочусу, жубайы же жакын туугандары аркылуу жазуу жүзүндө билдирүүгө жана берүүгө укуктуу.
8. Жыйналган маалыматтардын жана аларды баалоонун негизинде, коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө сунуштамалар чыгарылат, бул жөнүндө пробациялык баяндама түзүлөт.
9. Айыпталуучу сот актысында көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабаса, маалыматтар жок же толук эмес болгондо, каза болгондо, ошондой эле Кылмыш-жаза кодекси менен аныкталган адамдарга карата пробациялык баяндама түзүлбөйт. Ошол эле учурда пробация органдары пробациялык баяндаманы түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн корутунду чыгарат.
10. Пробациялык баяндаманы жана аны түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну түзүүнүн мөөнөтү соттун чечими келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күнгө чейинди түзөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…айыпталуучуга карата пробациялык баяндаманы даярдоо жөнүндө соттун алынып салынды: талабы кошулду: чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Сотко чейинки пробация маалыматтарды … укуктары, ыйгарым укуктары жана милдеттери Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6. Маалыматтарды чогултуу өнөкөт тобокелдиктерин … негизинде, коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жазык жазаны жана алынып салынды: жазык-укуктук кошулду: кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө сунуштамалар чыгарылат, бул жөнүндө пробациялык баяндама түзүлөт.
9. алынып салынды: Маалыматтардын жоктугунда кошулду: Айыпталуучу сот актысында көрсөтүлгөн дарек боюнча жашабаса, маалыматтар жок же толук алынып салынды: эместигинде, айыпталуучу соттун талабында көрсөтүлгөн даректе жашабаганда, айыпталуучунун ким экендиги тастыкталбаганда, айыпталуучу кошулду: эмес болгондо, каза болгондо, алынып салынды: анын айынан кошулду: ошондой эле Кылмыш-жаза кодекси менен аныкталган адамдарга карата пробациялык алынып салынды: баяндаманы түзүү талап кылынбай турган өтө оор кылмыш жасалганда кошулду: баяндама түзүлбөйт. Ошол эле учурда пробация органдары пробациялык баяндаманы түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө алынып салынды: жүйөлүү кошулду: жүйөлөштүрүлгөн корутунду алынып салынды: түзүлөт, анда жыйналган маалыматтар чагылдырылат.
кошулду: чыгарат.
10. Пробациялык баяндаманы жана аны түзүү мүмкүн эместиги жөнүндө корутундуну түзүүнүн мөөнөтү соттун алынып салынды: талабы кошулду: чечими келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күнгө чейинди түзөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 токтомуна "Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу ТАРТИБИ"Порядок · 31.12.2018 · № 666
- Пробацияны колдонуу жана кардарларды эсепке алуу тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 58 токтомуна ылайык)Порядок · 10.02.2023 · № 58
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-апрелиндеги № 152 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы № 666 "Кыргыз Республикасында пробация органын…Постановление · 19.04.2021 · № 152 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-9" title="9-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>