26-берене. Социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 4-глава
1. Пробациянын кардарларынын аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда инсандын багыт алуусунун, ченемдеринин жана баалуулуктарынын, социалдык жүрүм-турумунун тиешелүү көндүмдөрүнүн, социалдык статусун сактоосунун, жогорулатуусунун жаңы тутумун калыптандыруу үчүн пробациянын кардарларынын социалдык пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүү жана калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.
2. Пробация органдары пробациянын кардарларынын үй-бүлөсү, туугандары, пробациянын кардарынын жүрүм-турумуна оң таасир этүүчү адамдар, эмгек жамааттары жана окуу жайлары, коммерциялык эмес уюмдар менен социалдык оң байланыштарын чыңдоого көмөк көрсөтөт.
3. Социалдык жардам социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына ылайык көрсөтүлөт.
4. Пробациянын кардарларынын үй-бүлөлүк жана социалдык пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүү, колдоо жана чыңдоо боюнча ишке коммерциялык эмес уюмдар, соттолгондордун туугандары жана алардын жүрүм-турумуна оң таасир этүүчү башка адамдар тартылат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-26" title="26-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>