25-берене. Пробациянын кардарларына социалдык жардам берүү боюнча көмөк көрсөтүү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 4-глава
1. Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробациянын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча чаралар көрүлөт.
2. Пробациянын кардарларына социалдык жардам берүү боюнча көмөк көрсөтүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
1) социалдык тейлөө маселелери боюнча консультация берүү;
2) зарыл документтерди жол-жоболоштурууга жардам көрсөтүү;
3) социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо органдарында эсепке коюу.
3. Социалдык жардам социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына ылайык көрсөтүлөт.
4. Майыптуулукту же эмгекке жарамдуулуктун чектелгендигин аныктоо үчүн пробациянын кардарлары, анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги кардарлары мыйзамдарда белгиленген тартипте медициналык атайын эксперттик комиссияда медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.
5. Пробациянын кардарларынын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун тизмеги жана тартиби социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-25" title="25-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>