1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 319-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда, сатуудан салык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:
1) накталай формада:
а) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;
б) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;
2) накталай эмес формада - 0 пайыз өлчөмүндө.";
2) 362-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Салык төлөөчү иштин түрлөрүнө жараша ставкалар боюнча салыкты төмөнкүдөй өлчөмдөрдө төлөйт:
1) айыл чарба продукциясын кайра иштетүү үчүн, өндүрүштүк чөйрө үчүн, соода үчүн:
а) 4 пайыз - накталай формада;
б) 2 пайыз - накталай эмес формада;
2) иштин калган түрлөрү үчүн:
а) 6 пайыз - накталай формада;
б) 3 пайыз - накталай эмес формада.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111493/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>