Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
758-статья. Сактык китепчеси
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Банк салым салуучунун талабы боюнча ага энчилүү сактык китепчесин берүүгө милдеттүү.
2. Салым боюнча эсепке акча каражаттарын салуу жана эсеп боюнча андан кийинки аракеттер сактык китепчеси менен ырасталат. Сактык китепчесинде көрсөтүлгөн маалыматтар банктын жана салым салуучунун ортосундагы салым боюнча эсептешүүлөр үчүн негиз болуп саналат.
3. Сактык китепчесинде банк тарабынан банктын жана анын тиешелүү филиалынын аталышы жана жайгашкан орду, салым боюнча эсептин номери, ошондой эле эсепке чегерилген акча каражаттарынын бардык суммалары, эсептен алып салынган акча каражаттарынын бардык суммалары жана банкка сактык китепчесин көрсөтүү учурунда эсептеги акча каражаттарынын калдыгы көрсөтүлүүгө жана ырасталууга тийиш.
4. Салымды берүү, ал боюнча проценттерди төлөө жана салым салуучунун эсептеги акча каражаттарын башка жактардын эсебине которуу жөнүндө тескемелерин аткаруу сактык китепчесин көрсөткөндө банк тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Эгерде энчилүү сактык китепчеси жоголуп кетсе же көрсөтүү үчүн жараксыз абалга келсе, банк салым салуучунун өтүнүчү боюнча ага жаңы сактык китепчесин берет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-758" title="758-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>