757-статья. Үчүнчү жактын пайдасына салынган салым
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Салым белгилүү бир үчүнчү жактын ысымына банкка салынышы мүмкүн. Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, мындай жак салым салуучунун укуктарына негизделген алгачкы талабын банкка койгон же болбосо мындай укуктарды пайдалануу ниетин башка ык менен банкка билдирген учурдан тартып салым салуучунун укуктарына ээ болот.
Пайдасына салым салынып жаткан жарандын аты-жөнүн же юридикалык жактын аталышын көрсөтүү тиешелүү банктык салым келишиминин олуттуу шарты болуп саналат. Келишим түзүлгөн учурга карата каза болгон жарандын же болбосо ушул учурга карата бар болбогон юридикалык жактын пайдасына түзүлгөн банктык салым келишими арзыбас келишим болот.
2. Ысымына салым салынган үчүнчү жак, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, анын эсебине акча келип түшкөн учурдан тартып салым салуучунун укугуна ээ болот.
3. Атына салым салынган үчүнчү жак андан баш тарткан учурларда банктык салым келишимин үчүнчү жактын ысымына түзгөн жак салымды кайра берүүнү же өз атына которууну талап кыла алат.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
757-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-757" title="757-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>