7541-статья. Салым боюнча проценттерди чегерүүнүн жана төлөөнүн тартиби
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Банктык салымдын суммасына проценттер салым банкка келип түшкөн күндөн кийинки күндөн тартып салым аны салуучуга кайтарылган же болбосо салым башка негиздер боюнча аны салуучунун эсебинен алып салынган күндөн мурунку күнгө чейин чегерилет.
2. Банктык салымдын суммасына проценттер салым салуучунун талап кылуусу боюнча ага ар бир ай же квартал бүткөндөн кийин төлөнүп берилет, ал эми бул мөөнөттө талап кылынбаган проценттер, эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, салымдын проценттер чегерилүүчү суммасына кошулат.
Салымды кайтарып берүүдө бардык чегерилген жана ошол учурга карата төлөнө элек проценттер төлөнүп берилет.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7541-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7541" title="7541-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>