754-статья. Салымга проценттер
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Банк салым салуучуга салымдын суммасына проценттерди банктык салым келишиминде аныкталуучу өлчөмдө төлөп берет.
2. Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк талап кылууга чейинки салымдарга проценттердин өлчөмүн өзгөртүүгө укуктуу.
Эгерде банктык салым келишиминде башкача каралбаса, банк проценттердин өлчөмүн азайткан учурда проценттердин жаңы өлчөмү проценттердин азайганы тууралуу салым салуучуларга билдирилгенге чейин салынган салымдарга карата, тиешелүү билдирүү учурунан отуз күн өткөндөн кийин колдонулат.
3. Келишимде белгиленген мөөнөт бүткөндөн кийин же болбосо келишимде каралган жагдайлар келип чыкканда берүү шарттарында салынган салым боюнча проценттердин банктык салым келишиминде аныкталган өлчөмүн банк бир тараптуу азайтышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
754-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-754" title="754-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>