7385-статья. Мудараба келишими боюнча мударибдин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мудараба келишими боюнча мудариб бардык отчетторду жана инвестор үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды инвесторго берет, Шариат стандарттарынын зарыл талаптарын жана мудараба келишиминин шарттарын сактоо максатында, ишке ашырылып жаткан бизнес-долбоордун сапатын толук контролдоого жана инвестордон алынган, ошондой эле келишимди аткаруу процессинде алына турган акча каражаттарын (кирешени) пайдалануунун эсебин жүргүзүүгө милдеттүү болот.
2. Мудариб инвестордон алынган акча каражаттарын мудараба келишиминде каралган максаттарга гана пайдаланууга укуктуу.
3. Мудариб инвестордон алган капиталды мудараба келишимине ылайык пайда алуу максатында башкарууга жана сый акы алууга укуктуу.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7385-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7385" title="7385-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>