7384-статья. Мудараба келишими боюнча инвестордун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мудараба келишими боюнча инвестор келишимдин шарттарына ылайык аракет жүргүзүүгө, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө акча каражаттарын мударибге берүүгө, өзү берген акча каражаттарынын пайдаланылышын жана мудараба келишиминин башка шарттарынын сакталышын контролдоого, мудараба келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө пайданы алууга укуктуу.
2. Мудараба келишиминин шарттары аткарылбаган же болбосо талаптагыдай эмес аткарылган учурда инвестор мудараба келишими боюнча берилген сумманы мөөнөтүнөн мурда төлөөнү, анын ичинде мудариб койгон камсыз кылуунун эсебинен төлөөнү мударибден талап кылууга укуктуу. Мудараба келишиминде инвестордун башка укуктары да каралышы мүмкүн.
Инвестор келишимди аткаруу боюнча мударибдин учурдук иш-аракетине кийлигишүүгө укугу жок.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7384-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-7384" title="7384-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>