Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
73815-статья. Эсептешүү тартиби
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мурабаха келишиминин предмети үчүн банктын төлөмдөрү кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде дайыма төлөнүүчү төгүмдөр менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Мурабаха келишими түзүлгөндөн кийин кардардын төлөө мөөнөтүн өткөрүп жибергендиги же төлөөнүн мөөнөтү узартылгандыгы үчүн андан кошумча төлөмдү талап кылууга банктын укугу жок.
2. Банк мурабаха келишими боюнча төлөнүүгө тийиш төлөмдөрдүн эсебине аванс төгүүнү кардардан талап кылууга укуктуу.
3. Кардар бөлүп төлөө шартында сатылган мурабаха келишиминин предмети үчүн кезектеги төлөмдү белгиленген мөөнөттө төлөбөгөн учурда ага үстөк төлөмдү төлөө милдети жүктөлүшү мүмкүн. Үстөк төлөмдүн өлчөмү жана аны төлөөнүн тартиби мурабаха келишиминде аныкталат.
Үстөк катары алынган сумма банктын кирешеси катары эсепке алынышы мүмкүн эмес жана аны банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайрымдуулук максаттарына багыттайт.
4. Эгерде кардар мурабаха келишими боюнча сатып алган товар үчүн кезектеги төлөмдү негизсиз кечиктирсе, кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирген шартта, банк кардардан мурабаха келишиминин предмети үчүн төлөмдү мөөнөтүнөн мурда толук төлөөнү талап кылууга укуктуу.
5. Эгерде кардар кезектеги төлөмдү жүргүзбөсө, ошондой эле, эгерде кардар мурабаха келишиминин предмети үчүн толук төлөмдү мөөнөтүнөн мурда төлөбөсө, банк төмөнкүлөргө укуктуу болот:
1) эгерде мурабаха келишиминин предметин бир аздап төлөөнүн эсебинен кардардан акча каражаттары алынган болсо, кардарга бул каражаттарды төлөп берүү менен товарды үчүнчү жактарга сатууга;
2) мурабаха келишиминин предметине төлөм толук көлөмдө төлөнгөнгө чейин кардардын товарга карата менчик укугун тариздебей турууга.
§ 3. Шарика (өнөктөштүк жөнүндө) келишими
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73815" title="73815-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>