73814-статья. Мурабаха келишиминин предметин сатуу баасы
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мурабаха келишиминин предметин кардарга сатуунун баасы предметти сатып алган баанын жана мурабаха келишиминин тараптары макулдашкан банктын үстөк баасынын суммасы катары аныкталат.
2. Банктын үстөк баасына, мурабаха келишиминин предметин ташууга кеткен чыгымдарды, үчүнчү жакка мыйзамдуу төлөмдөрдү, ошондой эле милдеттүү мамлекеттик төлөмдөрдү кошуп алганда бул предметти сатып алууга банк жумшаган сарптоолор киргизилет. Мурабаха келишиминин предмети камсыздандырылган учурда камсыздандыруу боюнча чыгымдар да банктын үстөк баасына киргизилет.
Банктын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө байланышкан чыгымдар жана мурабаха келишиминин предметин сатып өткөрүүгө байланышкан чыгымдар банктын үстөк баасына киргизилбейт.
3. Мурабаха келишиминин предметине үстөк баа төмөнкүдөй түрлөрдө белгилениши мүмкүн:
1) туруктуу белгиленген, бир жолу төлөнүүчү сумма;
2) мурабаха келишиминин предметинин өздүк наркынын үлүшү.
4. Мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасынын келечекте белгилүү боло турган кандайдыр бир көрсөткүчтөргө көз каранды болушун шарт кылуу менен, мурабаха келишиминин предметинин сатуу баасын күмөндүү таризде аныктоого жол берилбейт. Мурабаха келишимин түзүү учурунда сатуу баасын жана үстөк бааны кардарга мурдатан белгилүү көрсөткүчтөргө жараша аныктоого жол берилет. Үстөк баанын өлчөмү убакыттык факторлорго көз каранды болушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73814-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73814" title="73814-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>