73812-статья. Мурабаха келишимин камсыз кылуу
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мурабаха келишими боюнча милдеттенмелерди кардардын талаптагыдай аткаруусун камсыз кылуу максатында банк кардардан акча каражаттарын күрөөгө коюу же камсыз кылуунун башка түрү жөнүндө келишим түзүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде мурабаха келишиминде башкача каралбаса, күрөө катары берилген акчалай сумманы банктын инвестициялашы мүмкүн эмес.
Күрөө катары берилген акчалай сумма мурабаха келишимине ылайык, мурабаха келишиминин предметин төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн.
2. Кардар мурабаха келишими боюнча өз милдеттенмесин аткаргандан кийин банк күрөөнү кайра берүүгө милдеттүү.
3. Банк мурабаха келишиминин предметин ташууда же сактоодо анын бузулушуна, жок кылынышына же жоголушуна байланышкан бардык тобокелдиктерди өзүнө алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73812-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73812" title="73812-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>