73811-статья. Мурабаха келишими боюнча түзүлүүчү бүтүмдөр
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
1. Мурабаха келишиминин предметин мурабаха келишими боюнча сатып алуу жагындагы бардык бүтүмдөр банктын атынан түзүлөт.
2. Банк мурабаха келишими боюнча төмөнкүдөй жагдайларда бүтүм түзүүгө укуксуз:
1) баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.) жана чет өлкөлүк валюта менен байланышкан, мөөнөтү жылдырылган милдеттенмелер боюнча;
2) активдерди камсыз кылуу болуп дебитордук карыз эсептелген жүгүртмө капитал боюнча;
3) бүтүмдү кайра финансылоодо.
3. Эгерде кардар төлөмдү мурабаха келишиминде белгиленген мөөнөттөн кечиктирсе, банк мурабаха келишиминин предметин сатууга укуктуу.
Мурабаха келишиминин предметин саткан учурда банк кардардан алган төлөмдөрдү кардарга төлөп берет.
4. Эгерде мурабаха келишиминин предмети күрөө менен камсыз кылынса, банк карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылуусуз эле күрөөнү кардардын макулдугу менен сатууга укуктуу.
5. Мурабаха келишиминин тараптарына шарика/мушарака келишимине катышууга же тараптардын биринин шарика/мушарака келишиминдеги башка тараптын катышуусун (үлүшүн) мубараха бүтүмүнүн жардамы менен накталай акчага же мөөнөтү кийинкиге жылдырылган милдеттенмелердин эсебинен сатып алуу милдеттенмеси камтылган бүтүмгө катышууга тыюу салынат.
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73811-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-73811" title="73811-статья - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>