3-берене
Күчүндө · 12.08.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100
1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин башталган банктарды түзүү, лицензиялоо, кызмат адамдары менен макулдашуу, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) уруксат алуу жана анын чечимдерине даттануунун жол-жоболору "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипке ылайык аягына чыгарылат.
2. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилген күндөн тартып банктардагы консервация режими Убактылуу администрация режимине айландырылат, ал эми банктын консерватору Убактылуу администратор статусун алат.
3. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы колдонууга киргизилгенге чейин сот тарабынан башталган банктарды мажбурлап жоюунун (банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучунун статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшү/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт. Сот жана жоюучу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин жетекчиликке алат.
4. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 84-беренесинин 5-пункту иштеп жаткан банктар үчүн 2018-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Иштеп жаткан банктар (банктардын филиалдарын - резидент эместерди кошуп алганда) үчүн минималдуу уставдык капиталды түзүүнүн төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленсин: 2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом. Ушул бөлүктүн экинчи-бешинчи абзацтарына ылайык 600 млн. сомго чейинки минималдуу уставдык капиталды түзгөнгө чейин коммерциялык банктардын акционерлерине (катышуучуларына) дивиденддерди төлөп берүүгө жол берилбейт. Жаңыдан түзүлүүчү банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет. (КР 2018-жылдын 10-декабрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.08.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 декабря 2018 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности", Гражданский кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
10.12.2018 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(банкрот кылуунун) жол-жобосу сот тартибинде аягына чыгарылат. кошулду: Атайын администрациялоо жол-жобосу жоюу жол-жобосуна өзгөртүлүп түзүлөт, ал эми атайын администратор жоюучунун статусуна ээ болот, ошону менен бирге статустун мындай өзгөрүп түзүлүшү/өзгөрүшү жөнүндө соттук актылар, Улуттук банктын чечимдери талап кылынбайт. Сот жана жоюучу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана … минималдуу өлчөмү кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленет. кошулду: (КР 2018-жылдын 10-декабрындагы N 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 30.07.2013 · № 178
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 26.04.2013 · № 60
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111487/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>