Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
94-берене. Банктардын союздары, ассоциациялары жана бирикмелери
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы таламдарды көздөө, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригип, союздарды, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылып, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.
2. Банктардын бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
3. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана башка бирикмелери өздөрүнүн түзүлгөндүгү жөнүндө мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого тийиш.
4. Банктарга өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык ставкаларды, тарифтерди жана комиссиялык акыны белгилөө маселелеринде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу таламдарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-94" title="94-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>