Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
92-берене. Банктын өкүлчүлүгү
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын таламында өкүлчүлүктү ишке ашырган, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банктык операцияларды эске албаганда, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген аракеттерди жасаган банктын өзүнчө бөлүмү өкүлчүлүк болуп саналат.
2. Өкүлчүлүккө банктын мүлкү берилет, ал банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Банк өз өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчиликтүү болот.
3. Банкын өкүлчүлүгүн каттоо тууралуу банк беш жумуш күнүнүн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.
4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүргүзүлөт.
5. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачуу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына каршы келген учурда банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты Улуттук банк кайра чакыртып алууга укуктуу.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-92" title="92-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>