Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
89-берене. Банктын туунду жана көз каранды компанияларына карата талаптар
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын туунду компаниясы - бул банк (башкы компания) тарабынан контролдонгон юридикалык жак. Туунду банктын туунду банкы башкы компаниянын туунду банкы катары каралат.
Банктын көз каранды компаниясы - юридикалык жак, банк анда жекече же башка жактар менен биргелешип, ошол юридикалык жактын добуш берүүчү акцияларынын же капиталдагы үлүшүнүн жыйырма же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууну же башкарууну жүзөгө ашырат. Бул аныктамалар башка юридикалык жактарга да жайылтылат.
2. Банк тарабынан туунду компанияны түзүү же сатып алуу төмөнкү шарттар сакталган учурда Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде ишке ашырылат, эгерде:
1) банктын жана туунду компаниянын менчик жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк тарабынан белгиленген критерийлерге ылайык келсе;
2) туунду компаниянын ишинде келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди контролго алуу жол-жобосу, банктын жана туунду компаниянын корпоративдик өзгөчөлүгүн колдоого багытталган жол-жоболор банкта иштелип чыкса;
3) туунду компанияны түзүү же сатып алуу банктын финансылык стабилдүүлүгү жана туруктуулугу үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзбөсө;
4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.
3. Банктын туунду компаниялары банктык жана/же финансылык ишкердикти, ошондой эле банктык жана/же финансылык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу ишти гана жүргүзө алат.
4. Банк Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана көз каранды компанияларды сатып алышы же түзө алышы мүмкүн. Банктардын көз каранды компаниялары банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишти кошо алганда, банк жана/же финансылык ишти гана жүргүзө алат.
5. Банк туунду же көз каранды компанияны сатып алууга укугу жок, эгерде:
1) компания тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон эл аралык санкциялар орун алган мамлекеттерде жана аймактарда катталса жана/же иш жүргүзсө;
2) ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар, компаниянын катышуучулары болсо.
6. Банк туунду жана/же көз каранды компанияны түзүүгө укугу жок, эгерде:
1) мындай компанияны каттоо жана/же анын иш жүргүзүүсү Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда, ошондой эле аларга карата Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасы үчүн милдеттүү болгон эл аралык санкциялар орун алган мамлекеттерде жана аймактарда болжолдонсо;
2) ушул Мыйзамда чектөөлөр белгиленген жактар мындай компаниялардын кошо уюштуруучулары болсо.
7. Банкка туунду жана же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга уруксат берүү тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 14-августу № 2019-П-12/42-1-(НПА) "Террористтик иш-аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди…Постановление · 14.08.2019 · № 2019-П-12/42-1-(НПА)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-89" title="89-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>