Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
86-берене. Иштеп жаткан банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу тартиби
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын капиталына чектүү катышуу үчүн уруксат алуу тартиби Улуттук банк тарабынан аныкталат.
2. Уруксат алуу үчүн ага кызыкдар болгон жак тиешелүү документтер жана маалыматтар кошо тиркелген арызы менен Улуттук банкка кайрылат. Улуттук банктын талаптарына жооп бербеген документтер кароого жеткирилбей кайтарылат.
3. Улуттук банк келип түшкөн арыз боюнча чечимди арыз кабыл алынгандыгы жөнүндө арыз ээсине билдирген күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Улуттук банк келип түшкөн арызды кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө узартууга укуктуу. Улуттук банк өз чечими - макул экендиги же андан баш тарткандыгы тууралуу арыз ээсине кат жүзүндө маалымдайт. Баш тартуу жүйөлүү болууга тийиш.
4. Улуттук банк төмөнкү учурларда арызды канааттандыруудан баш тартууга укуктуу, эгерде:
1) арызды канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы монополияга алып келиши мүмкүн болсо;
2) арыз ээсинин финансылык абалы канааттандыраарлыксыз болсо;
3) арыз ээсинин, анын бенефициардык менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын (эгерде арыз ээси - юридикалык жак болсо) ишкердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар болсо;
4) арыз ээси бурмаланган же анык эмес (жалган) маалыматтарды берсе;
5) арыз ээсинин мыйзамсыз финансылык же башка иштерге катышкандыгы же катышып жаткандыгы тууралуу анык маалыматтар болсо;
6) арыз ээсинин буга чейинки иши банкроттук менен аяктаса же кайсы бир юридикалык жактын банкроттугуна же олуттуу финансылык чыгымга учуроосуна көмөк берсе;
7) арыз ээсинин - юридикалык жактын банктын контролдоочу адамдарынан болууга ниеттенген кызмат адамдары банктык мыйзамдардын талаптарына ылайык келбесе;
8) банк аманатчыларынын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болсо же банк менен арыз ээсинин жана/же банк менен байланыштуу жактардын жана/же арыз ээсинин жалпы таламдары бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелерден улам банкка таасирдүү көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүн болбосо;
9) арыз ээсинин бенефециардык менчик ээлерин идентификациялоого мүмкүн болбосо;
10) арыз ээси банк саясатынын олуттуу өзгөрүүсүн болжолдоп, ал анын финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же банк аманатчыларынын таламдарына коркунуч келтирсе;
11) арыз ээси, туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүнүн көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон, чет өлкөлүк юридикалык жак болсо жана эгерде:
а) туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүндө таасирдүү, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл ишке ашырылгандыгы тууралуу ырасталган маалыматты Улуттук банкка бербесе;
б) Улуттук банктын берген баасы боюнча арыз ээсине таасирдүү көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жүзөгө ашырылбаса;
в) ал арыз ээси туулуп-өскөн (катталган) мамлекетинин көзөмөл органы менен кызматташууга мүмкүн болбосо.
5. Улуттук банк банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочу адамынан болуп калышы мүмкүн, же банкка инвестиция жумшап, анын натыйжасында банк ошол жактын компаниясына көз каранды болуп калышын шарттаган, ошол жак контролдогон юридикалык жактардан бардык кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
6. Улуттук банк банктын капиталына катышуу чегине ээ болгон акционерлер тарабынан берилген бардык маалыматтардын жана документтердин аныктыгын, ошондой эле банктын капиталына катышууга (акцияларды сатып алууга) багытталган акча каражаттарынын тек жайынын булактарын жана мыйзамдуулугун текшерет.
7. Экинчилик рыногунда банктын акциялары менен жасалган бүтүм ушул Мыйзамдын 85-беренесинин колдонулушуна туш келсе, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу Улуттук банктын мындай бүтүм жасоого кат жүзүндөгү уруксатын талап кылууга, ал эми кайсыл жеке адам же юридикалык жак болбосун аны берүүгө милдеттүү.
8. Эгерде жак анык эмес (жалган) маалыматтардын негизинде Улуттук банктан алынган уруксаттын негизинде банктын капиталына чектүү катышууга ээ болсо же ал ушул Мыйзамда уюштуруучуларга карата каралган талаптарга ылайык келбей калса, Улуттук банк ушул беренеге ылайык арыз ээсине буга чейин акцияларды сатып алууга берген уруксатын кайтарып алат жана ушул берененин - 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.
9. Эгерде банктын капиталына чектүү катышууга Улуттук банктын уруксатысыз жол берилген болсо, мындай бүтүм жараксыз болуп саналат жана алар боюнча ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.
Улуттук банк арзыбаган бүтүмдүн жараксыздык кесепеттерин колдонуу жөнүндө талабы менен сотко кайрылууга укуктуу. Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 19-февралындагы чечими
10. Эгерде тиешелүү жак мурастоо боюнча же аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу банктын капиталына чектүү катышуу өлчөмүндө акцияларга карата менчик укугуна ээ болсо, Улуттук банктын уруксатын алууга чейин ушул берененин 11-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн натыйжалар (кесепеттер) келип чыгат.
Эгерде көрсөтүлгөн жактарга Улуттук банктын уруксатын берүүдөн баш тартылса, ушул берененин 11-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн натыйжалар келип чыгат.
11. Ушул берененин 8, 9 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасир эткен болсо, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер анык эмес катары эсептелинет.
Ушул берененин 8 жана 10-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн учурларда кемчиликтерге жол берген жак акциялардын тиешелүү топтомун аны менен байланыштуу болбогон жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбосо, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу өтүнүчү менен сотко кайрылат.
12. Улуттук банк ушул берененин 11-бөлүгүндө көрсөтүлгөн натыйжалардын келип чыккандыгы жөнүндө банктын көз карандысыз реестр жүргүзүүчүсүнө маалымдайт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Сот практикасы · Решение · 19.02.2021 · № 04-р
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-86" title="86-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>