81-берене. Банкты уюштурууга уруксат берүү
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 16-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Банктын уюштуруучулары банкты уюштурууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч каты менен (мындан ары - уруксат алуу) Улуттук банкка кайрылат.
2. Уруксат алуу үчүн, Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге, талаптарга жана тартипке ылайык, документтер Улуттук банкка берилет.
3. Тиешелүү өтүнүч кат жана бардык талап кылынган документтер келип түшкөндөн тартып, алты айдан ашпаган мөөнөттө уруксат берилет.
Уруксат берүү өтүнүчүн кароо учурунда Улуттук банк маалыматтарды суратып алууга жана ыйгарым укуктуу органдар, анын ичинде чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен консультация жүргүзүүгө укуктуу. Эгерде берилген документтер Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, кароо мөөнөтү талаптагыдай документтер алынган учурдан тартып эсептелинет. Уруксат берүү мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен алты айга узартылышы мүмкүн.
4. Улуттук банк уруксат берүү өтүнүчүн кароонун жыйынтыгы боюнча уруксат берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат.
Уруксаттын колдонулуу мөөнөтү - алты ай. Ушул мөөнөт ичинде уюштуруучулар түзүп жаткан банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө жана лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.
5. Банк жана анын уюштуруучулары уруксат берилип, лицензия алууга чейинки мезгил ичинде негизи боюнча уруксат берилген маалыматтарга кандай өзгөртүүлөр болбосун киргизилгендиги тууралуу, мындай өзгөртүүлөр болуп өткөндөн кийинки беш күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка кабарлоого милдеттүү.
6. Уруксат берүүдө төмөнкү негиздердин кайсынысы болбосун орун алган шартта баш тартылышы мүмкүн:
1) уюштуруу документтеринин жана башка документтердин коюлган талапка ылайык келбеши, же болбосо такталбаган маалыматтардын жана анык эмес документтердин берилиши;
2) банктык топтун катышуучулары тууралуу толук көлөмдө маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук эмес берилиши же болбосо банктык топко же банктык топтун катышуучулары менен байланыштуу жактарга таасирдүү банктык көзөмөлдү жүзөгө ашыруунун мүмкүн эместиги;
3) акча каражаттарынын булактарынын мыйзамдуулугун тастыктаган маалыматтардын жана документтердин берилбеши же толук берилбеши же болбосо акча каражаттарынын келип чыгышынын легитимдүүлүгүн аныктоонун мүмкүн эместиги;
4) минималдуу уставдык капиталдын өлчөмү белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
5) уюштуруучулардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
6) банкта кызмат ордун ээлөөгө талапкерлердин (кызмат адамдарынын) ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга ылайык келбеши;
7) чет өлкө банкы же финансы-насыя мекемеси тарабынан туунду банкты ачуу учурунда чет өлкө көзөмөл органынын ага расмий макулдугун көрсөтпөсө же мындай макулдук уюштуруучунун өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгынын тастыктоосун бербесе;
8) Улуттук банктын берген баасы боюнча чет өлкө уюштуруучусуна - банкка же финансы-насыя мекемесине карата, ошондой эле катталган жери боюнча банктык топтун катышуучусуна көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жетишсиз жүргүзүлүп жаткан болсо.
7. Улуттук банк төмөнкү учурларда мурда берилген уруксатты жокко чыгарууга укуктуу:
1) алардын негизинде уруксат берилип кеткен такталбаган маалыматтар жана документтер табылган учурда;
2) уюштуруучулардын финансылык абалы начарлаган же алардын негизинде уруксат берүүдөн баш тартуу мүмкүн болгон фактылар аныкталса;
3) Улуттук банктын макулдугусуз уюштуруучулардын курамына, уюштуруу жана башка документтерге өзгөртүүлөр киргизилсе;
4) банктын уюштуруучулары банкты уюштуруудан баш тартып же кийинки аракеттерди көрбөсө.
8. Уруксат жокко чыгарылган учурда Улуттук банк юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүчү ыйгарым укуктуу органга ал тууралуу маалымдайт.
9. Уруксат алуу тууралуу өтүнүч кат кайтарылып алынган, ошондой эле уруксат берүүдөн баш тарткан же жокко чыгарылган учурда, берилген документтер кайтарылбайт.
10. Улуттук банк уруксат берилгендиги, уруксат берилбей калгандыгы же берилген уруксат жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтарды жарыялайт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-81" title="81-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>