Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
75-берене. Улуттук банктын мүлкү жана иш коопсуздугу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 15-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банк өзүнө таандык болгон акча каражаттарына, имараттарга, курулмаларга, жабдууларга, транспортко жана башка мүлктөргө өз алдынча ээлик кылат, аларды пайдаланат жана тескейт.
2. Мамлекет Улуттук банктын мыйзамдуу мүлктүк укуктарынын корголушун кепилдейт, анын мүлкүн алып коё албайт же кыскарта албайт. Капиталды, акча каражаттарын жана негизги каражаттарды, башка материалдык баалуулуктарды кошо алганда, Улуттук банктын мүлкү Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык соттун чечимисиз аларга башка милдеттенмелер жүктөлүшү мүмкүн эмес.
3. Улуттук банк Улуттук банктын ишин камсыз кылуу, функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жана кызматчыларын социалдык коргоого алуу максатында гана кандай мүлктү болбосун менчиктеп сатып алууга же ижарага алууга, анын ичинде акысыз пайдаланууга алууга укуктуу.
4. Улуттук банктын негизги милдеттерин ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Улуттук банк юридикалык жактардын акцияларына ээлик кылууга же башкача түрдө алардын ишине катышууга укуктуу.
5. Жараксыз болгон же пайдаланылбаган материалдык баалуулуктарды ээликтен ажыратуу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.
6. Улуттук банк насыя берүүчүнүн ар кандай укуктарын кандай гана түрдө болбосун, эки жылдан кечиктирилбеген мөөнөттө, ээликтен ажыратуу менен сатып алууга укуктуу.
7. Улуттук банк борбордук банктардын ишине карата коюлуучу эл аралык талаптарга ылайык, өз ишинин коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды, анын ичинде мүлкүнүн, акча каражаттарынын жана башка активдеринин сакталышына, ошондой эле кызматчыларын жана маалыматтарын коргоого багытталган чараларды көрүүгө милдеттүү.
8. Улуттук банкта ок атуучу курал-жарактарды жана атайын каражаттарды сактоо, алып жүрүү жана колдонуу укугуна ээ болгон түзүмдүк бөлүмдөр иштейт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>