Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
72-берене. Улуттук банктын кызматчылары үчүн чектөөлөр
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан бекитилүүчү кызмат орундарынын тизмегине ылайык Улуттук банктын кызматчыларына төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү болууга же башка мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматты ээлөөгө, ошондой эле башка мамлекеттин жарандыгына ээ болууга;
2) Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктарда же башка юридикалык жактарда кызмат орундарын ээлөөгө;
3) башка уюмдарда, анын ичинде ишин айкалыштыруу менен иштөөгө, ошондой эле жарандык-укуктук келишим боюнча кызмат көрсөтүүгө (буга окутуучулук, илим-изилдөө жана чыгармачылык иштери кирбейт).
Мындай тыюу салуу Улуттук банк катышуучу болгон уюмдарда Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын таламында иш алып барган Улуттук банктын расмий өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык финансы-насыя жана башка уюмдарда постторду жана кызматтарды ээлөөгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларга жайылтылбайт;
4) банктардан жана микрофинансылык уюмдардан насыяларды алууга;
5) эгерде бул таламдардын каршы келүүсүнө алып келүүсү мүмкүн болсо, баалуу кагаздарды сатып алууга. Улуттук банктын кызматчысы, Улуттук банкта иштеп жаткан мезгилде, ага таандык болгон баалуу кагаздарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү;
6) ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, Улуттук банктагы үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адамы же өкүлү болууга.
2. Ушул беренеде Улуттук банктын кызматчылары үчүн белгиленген чектөөлөрдү сактабоо, эмгек милдеттерин одоно бузууга алып келет.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>