69-берене. Улуттук банктын төрагасынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банктын төрагасы:
1) Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштурат, анын жыйындарын алып барат, Улуттук банктын Башкармалыгы тарабынан кабыл алынган токтомдорго кол коёт;
2) Улуттук банктын Башкармалыгынын өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелерди кошпогондо, администрациялык-башкаруучу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат, күндөлүк иш боюнча чечимдерди кабыл алат;
3) Улуттук банктын атынан иш алып барат жана анын атынан ишеним катысыз иш жүргүзөт;
4) ишеним каттарды берет;
5) буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
6) штаттык ырааттаманы бекитет;
7) мыйзамдарда каралган жана Улуттук банктын Башкармалыгы өткөрүп берген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Улуттук банктын төрагасы жок болгон учурда анын милдеттери орун басарларынын бирине жүктөлөт.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
69-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-69" title="69-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>