Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
67-берене. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу
Күчүн жоготкон · 11.08.2022 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 августа 2022 года № 92.
1. Улуттук банктын Башкармалыгынын иши дайыма, бирок айына бирден кем эмес жыйын өткөрүү аркылуу жүргүзүлөт.
2. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйыны Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү катышкан шартта чечим кабыл алууга укуктуу (кворум) болуп саналат. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын тизмедеги курамынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
3. Каралып жаткан маселе боюнча таламдардын кагылышуусу келип чыккан учурда Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөсү ошол маселе боюнча талкууга катышууга жана добуш берүүгө укугу жок.
4. "Каршы" добуш берген Улуттук банктын төрагасынын, төраганын орун басарынын же Башкармалыгынын мүчөсүнүн өзгөчө пикири милдеттүү түрдө Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынынын протоколуна жазылат. Добуш берүүдө калыс калууга жол берилбейт.
5. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынына катышпай калган Улуттук банктын төрагасы, төраганын орун басары же Башкармалыгынын мүчөлөрү жыйындын протоколу жана кабыл алынган чечимдер менен кол коюп берүү аркылуу таанышып чыгууга милдеттүү.
6. Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасы алып барат. Ал жок учурда Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйынын Улуттук банктын төрагасынын орун басарларынын бири алып барат.
7. Улуттук банктын Башкармалыгынын чечимдери Улуттук банктын Башкармалыгынын токтомдору түрүндө таризделет.
8. Улуттук банктын Башкармалыгынын ишин уюштуруу, Улуттук банктын Башкармалыгынын жыйындарын өткөрүү жана чечимдерин кабыл алуу тартиби Улуттук банктын Башкармалыгынын Регламенти менен аныкталат.
Берененин тексти 11.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111486/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>